2025-жылдын 8-апрелинде К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде декандар жана бөлүм жетекчилеринин кезектеги жыйналышы болуп өттү. Жыйналыштын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралып, күн тартибине коюлган темалар боюнча талкуу жүргүзүлдү. Анын алкагында университеттин жаңы расмий веб-сайтын иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле, ректор Мирлан Дылдаев университеттин эл аралык байланыштар боюнча жаңы координатору Рахат Рай кызын жамаатка тааныштырды. Ректордун тапшырмасына ылайык, экология жана менеджмент факультетинин деканы, Элегия Бокоева жана социалдык-психологиялык факультеттин деканы Перизат Айтбаева 2025–2030-жылдарга карата өз факультеттеринин стратегиялык өнүгүү пландарын сунушташты. Жыйынтыгында белгиленген тапшырмаларды ырааттуу аткаруу жана стратегиялык пландарды ишке ашыруу боюнча сунуштар берилди.
Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27
bhu@bhu.kg
+996 (312) 21-86-59
Добро пожаловать в БГУ. Мы верим в твой правильный выбор