проспект Ч. Айтматова 27 21-86-59 54-32-21 bhu.kg

БМУнун ректору студенттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушту

2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев студенттик кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө ачык жана достук маанайдагы пикир алмашуу орун алып, студенттер университеттеги билим берүү процесси жана студенттик жашоо тууралуу сунуш-пикирлерин ортого салышты. Иш-чарага мамлекеттик тил боюнча проректор Азамат Сатиев жана Жаштар департаментинин директору Эльдияр Курманбек уулу да катышып, студенттер менен түз диалог жүргүзүштү. Ректор Мирлан Дылдаев студенттердин активдүүлүгүн жогору баалап, университет жетекчилиги ар дайым ачык диалогго даяр экенин жана студенттик демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи. Бул жолугушуу студенттер менен администрациянын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого жана университеттин өнүгүшүнө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.

Биздин дарек:

Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

Добро пожаловать в БГУ. Мы верим в твой правильный выбор