Бүгүн Бишкек мамлекеттик университетинде миграциялык ресурстук борбордун өкүлдөрү — Голда Майра Рома, Улан Кудайбердиев жана Раушан Болоталиева менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушууга БГУнун ректору Мирлан Дылдаев, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Астра Дайракунова жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Эдиль Канатбеков катышты.
Ресурс борборунун өкүлдөрү борбордун максаттары жана иш багыттары жөнүндө маалымат беришти. Борбор мигранттардын укуктарын коргоого көмөктөшүү менен алардын миграциялык жолунун бардык баскычтарында колдоо көрсөтүүгө багытталган. Мындан тышкары, мыйзамсыз миграцияны, адам соодасын жана мигранттарды мыйзамсыз ташууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Ошондой эле, кызматташуунун алкагында окутуучулар жана студенттер үчүн миграция жана укуктук сабаттуулук боюнча тренингдерди өткөрүү пландалууда.
Бишкек ш., 720044, Ч. Айтматов проспектиси, 27
bhu@bhu.kg
+996 (312) 21-86-59
Добро пожаловать в БГУ. Мы верим в твой правильный выбор